Монголия президентинин Кыргызстанга болгон алгачкы сапары (видео)

879

Монголия Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу долбооруна кошулууга кызыкдар. Бул тууралуу Халтмаагийн Баттулга Кыргызстанга жасаган расмий иш сапарынын алкагында президент Сооронбай Жээнбеков менен болгон жолугушууда билдирди. Монголиянын башчысы Халтмаагийн Баттулга темир жол аркылуу азия рыногуна чыгууга шарт түзүлүп, экспорт жанданат деген пикирде.

Учурда Кыргызстан менен Монголиянын ортосунда товар жүгүртүү 1 миллион долларга араң жетет. Андыктан бул жаатта алгылыктуу иш алып баруу керектиги баса белгиленди. Ошондой эле, ал туризм чөйрөсүндө кызматташтыкты өнүктүрүп, Ысык-Көл жана Хяргас-Нур көлүн байланыштыра турган каттамды иштеп чыгууну сунуштады.