Мөңгү чыры өкмөт мүчөлөрүн отставкага кетиреби? (видео)

811

«Суу кодексине» киргизилип жаткан өзгөртүүлөрдү талкуулаган тегерек стол эки тараптуу кайым айтышуу менен аяктады. Тараптар орток пикирге келе алышкан жок. Бул мыйзам долбоору менен «Кумтөр» кенине жакын жайгашкан Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүн башка жакка жылдырууга уруксат берүү каралууда. Тегерек столдун жүрүшүндө өкмөттүн өкүлдөрү мыйзам долбоорун артка чакыртпай турганын билдиришти. Буга нааразы болгон активисттер министрлер кабинетинин отставкасын талап кылып, мөөнөтсүз митингдерди уланта берээрин жана мыйзам долбоору артка чакыртылбаса, ачкачылык акциясына бараарын айтып чыгышты.