Мөңгүлөрдөн колуңду тарт! (видео)

903

Жогорку Кеңештин имаратынын алдында мөңгүлөрдү коргоо боюнча митинг өттү. Акциянын катышуучулары парламент депутаттарынан мыйзам долбоорду артка чакыртып алуу талабын коюшту. Алар документти экинчи окууга кайтарып, бул документ боюнча коомдук угуу өткөрүүнү сунуштап жатышат. Эске салсак, талаштуу мыйзам долбоору 2014-жылдан бери сунушталып келет. 5-чакырылыштагы депутаттар аны кабыл алууга макулдук бербей коюшкан. Суу кодексинин 62-беренесинде өзгөчө учурларда мөңгү жайгашкан аймакта ишмердүүлүк жүргүзүүгө уруксат берилет, деп жазылган. Эгер бул мыйзам долбоору кабыл алынса, бизде гана эмес, жалпы Борбор Азия үчүн таза суу көйгөйү курчушу ыктымал, дешет акциянын катышуучулары.