Москва-Бишкек каттамындагы поездде билетсиз жүргөндөр / 30.10.18 / НТС (видео)

577

“Кыргыз темир жолу” ишканасы жемкорлуктан дагы деле арыла элекпи? «Коррупциясыз коом» коомдук бирикмесинин башчысы Манас Кадыров интернетке видеотасма жарыялап, анда Москва-Бишкек каттамындагы поездке билети жок жүргүнчүлөр кирип жатканын көрүүгө болот. Тасмада эки адам поезддин башчысы Эркинай Жыргалбекованын атын айтып, вагонго отуруп жатканын көрүүгө болот.

Буга чейин “Кыргыз темир жолу” ишканасынын кызматкери Алия Асанбаева президентке 2 жолу кайрылуу жасап, поезд башчысы Эркинай Жыргалбекова билети жок адамдарды жолдон алып жатканын айтып чыккан. Бул жаңжалдан кийин Алмазбек Ногойбаев “Кыргыз темир жолу” ишканасынын директорунун кызматынан алынган. Бирок жаңы жетекчи Канат Абдыкеримов келгенден кийин да мындай көрүнүштөр уланып жатканы айтылууда.