Москва: Жол кырсыгына шектүү 2-3 саат уктап, 20 саат рулда болгонун айтты

847

Москвада жол кырсыгына айыптуу деп шектелип жаткан жаран бул шаарда таксист болуп иштегенине бир ай убакыт болгон. Бул тууралуу ал полицияда сурак берип жатып айтты. Ошондой эле ал 20 сааттай уктай элек болгонун да билдирди.

Сурактын видеосун Москванын полициясы расмий сайтына жарыялады. «Орусияда эч убакта эреже бузган эмесмин. Жумуштагылар да баары мени урматташчу», — деди ал.

Тергөөчүнүн “окуя болорго чейин канча саат рулда болдуңуз?” деген суроосуна “Чынын айтсам, 20 сааттай” деп жооп берди жана ага чейин 2-3 гана саат уктаганын билдирди.

Москванын полициясы Ильинка көчөсүндө 16-июнда болгон жол кырсыгына байланыштуу кылмыш ишин козгоду. Мекеменин маалыматына караганда, кырсыктан жети адам жабыркады, алдын ала маалыматка караганда, таксинин айдоочусу рулду башкара албай калып, тротуарга чыгып кеткен.

Иш Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин 264-беренесинин (Жолдо жүрүү жана транспорт каражаттарын пайдалануу эрежелерин бузуу) негизинде козголду.

Орусиялык маалымат каражаттары айдоочу кыргызстандык жаран, 28 жаштагы Анарбек уулу Чыңгыз экенин кабарлашты. Кабарларга тиркелген документке ылайык, айдоочулук күбөлүктү ал Кыргызстандан алган. Адегенде айдоочу мас болчу деген кабар тарап, кийин бул маалымат такталган жок, ал уктап кеткени айтылды.

Алгачкы суракта ал адамдарды атайын сүзбөгөнүн, тормозду басам деп газды басып алганын айтканы, спирттик ичимдик ичпеси жана буга чейин жол эрежесин бузбаганын билдиргени да кабарланган.

Кыргызстандын Москвадагы элчилигинин басма сөз катчысы Гүлбарчын Байымбетова кармалган жигит Орусия ИИМнин Тверь райондук бөлүмүндө сурак берип жатканын билдирди. Элчилик окуяны өз көзөмөлүнө алды.

Жабыркагандардын абалы тууралуу азырынча так маалымат бериле элек, алардын арасында Мексикадан барган футбол күйөрмандары бар экени айтылган.