Москва районундагы эгин талаасында болгон өрттүн себептери такталууда

1221

Чүй областынын Москва районунун Петров айыл өкмөтүнүн аймагында 300 теше буудай-арпасы күйүп кеткен дыйкандар миллион сом зыян тартышты. Бул тууралуу багбандар өздөрү билдиришти.

Айтымдарында эгин талаасындагы жалын темир жолго жакын жерде башталган. Буга поезддин рельсинен чыккан от учкундары себеп болушу мүмкүн дешүүдө.

Ошондой эле, анда кетип бара жаткан жүргүнчүлөрдүн бири да өчүрүлбөй калган чылымдын тенин таштап коюшунан улам да тутанышы ыктымал деп боолгонуп жатыптыр. Ал эми жалын чыккан маалда эгин чаап жүргөн комбайн талаанын башка четинде болгон.

Эске салсак, 8-июль күнү Петров айыл өкмөтүнүн аймагындагы 300 теше жердеги арпа-буудай өрттөнүп кеткен. Өрттү өчүрүүгө куткаруучулар чакырылып, алар кечке маал гана жалынды толук өчүрүүгө жетишишкен.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.