Москва Сирияда Орусия жана КМШ жарандары жарадар болгонун тастыктады

698

Жакында Сирияда болгон куралдуу кагылышууда Орусия жана КМШнын ондогон жараны жабыркаган, өлгөндөр да бар, бирок алар орусиялык аскерлер эмес. Ушундай билдирүүнү шейшембиде орус Тышкы иштер министрлиги таратты.

Мекеме маалымдагандай, ал кагылышууларга Орусия Федерациясынын жоокерлери катышкан эмес жана алардын аскерий жабдуулары да пайдаланылган эмес. Жарадар болгон бир нече кишиге Орусияга кайтып келүүгө жардам берилди. Ал кагылышуу качан болгону билдирүүдө такталган жок.

Буга чейин АКШ баштаган эл аралык коалиция 7-февралда Дейр эз-Зор чөлкөмүндө коалицияга чабуул койгон Башар Асад режиминин тарапкерлери талкаланганын билдирген. Америкалык аскерлердин маалыматына ылайык, 100 чакты киши мерт кеткен, бирок кайсы өлкөлөрдүн жарандары экени такталган эмес. Маалымат каражаттары күбөлөрдүн айткандарына таянып, «менчик аскерий компаниялар» жалдаган жүздөгөн киши каза тапканын, негизинен алар орусиялыктар болгонун жазышкан.

Ошондо орус тышкы мекемеси Сирияда Орусиянын беш жараны өлгөн болушу керек, мындан көп сан тууралуу маалыматтар жалган деп билдирген.