Москвада 11 кыргызстандыкты мекендешибиз унаа менен тебелеп кетти (видео)

1353

Москвада 11 кыргызстандыкты унаа менен тебелетип кетти, деп шектелген кишиге карата “адам өлтүрүү”, “адам өмүрүнө кол салуу» беренелери боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Кыргызстандын Москвадагы элчилиги кабарлады.

Москвада 9-сентябрда болгон жол кырсыгында 1 киши каза болуп, дагы 5 адам оор абалда ооруканага жеткирилген. Бул кылмышка шектелип жаткан айдоочу — теги кыргызстандык, кийин Россиянын жарандыгын алган Бекжан Сарбишев экени аныкталды. 21 жаштагы жигит бул ишке атайын барган, деп шектелүүдө.