Москвада бала багуучу болуп иштеген өспүрүм кыз сабалды (видео)

1557

11 жаштагы кыздын Москвада сабалышы боюнча Кыргызстандын Россиядагы элчилиги маалымат таратты. Өспүрүмдү ур-токмокко алды делген аял апасынын бөлөсү экени белгилүү болду. 28 жаштагы келин кызды балдарын бактыруу үчүн Өзгөн районунан алдыртып, бирок зомбулук көрсөтүп жүргөнү айтылууда.

Элчиликтин кызматкерлери менен Өзгөн коомунун өкүлдөрү 11 жашар Таңсулуудан кабар алганы барганда, анын көзүндө жана денелеринде көгөргөн тактар бар экенин көрүшкөн. Ошондой эле, өспүрүм психологиялык жаткан жабыркаганы айтылууда. Учурда ал медициналык кароодон өткөрүлдү. Июнда болсо Кыргызстанга алып келинип, ата-энесине өткөрүлүп берилет.