Москвада Чыңгыз Айтматовдун эстелиги ачылат

3661

7-декабрда Россиянын борбору Москва шаарында залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун эстелиги ачылат. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлиги кабарлады.

Айкел Москвадагы Чыңгыз Айтматов атындагы гүлбакта жайгашкан. Иш-чара жазуучунун 90 жылдыгына арналган.

Эстеликтин ачылышына ушу тапта Россияда жүргөн президент Сооронбай Жээнбеков, Москванын мэри Сергей Собянин жана башка расмий өкүлдөр катышат.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.