Москвада калың кардан улам 900гө жакын аба каттамдары токтотулду

741

Москвага түшкөн калың кардан улам 900гө жакын аба каттамдары токтотулду. Адистердин айтымында, Россиянын борборуна акыркы дем алыш күндөрү эле айлык нормадан 122 пайызга көп кар жааган. Бул калаанын тарыхындагы эң олуттуу метео кырдаал экени белгиленүүдө. Мунун кесепетинен Москванын аба майдандарынан жөнөчү көпчүлүк каттамдар токтотулуп жатат.

Учпай калган же убактылуу токтотулган ар бир каттамды Москванын аймактар аралык транспорттук прокуратурасы текшерип чыгып, бул кырдаалдарда кардарлардын укуктары корголуп жана аларга тиешелүү кам көрүлүп жатканын текшерүүгө алышууда. Убактылуу токтотулган каттамдардын арасында Кыргызстанга уча турган рейстер да бар.

Кечээ болсо калың кардын кесепетинен бак-дарактар кулап, бир киши каза таап, 5 киши жаракат алганы кабарланган.