Москвада калың кардын кесепетинен дарак кулап, бир киши каза тапты

686

Москвада калың кардын кесепетинен бак-дарактар кулап, бир киши каза таап, 5 киши жаракат алды. Маалыматтарга караганда, 3-февралда жааган кардан кийин кулаган бак-дарактардын саны Москвада эле эки миңден ашты.

Ошондой эле, Россиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин тараткан маалыматына караганда, Россиянын борбордук округдарында 57 миңден ашык адам жарыксыз отурат. Москва шаарында болсо, оор түшкөн кардын кесепеттерин жоюу үчүн атайын аскерлер да тартылды. Коргоо министрлигинин маалыматына караганда, аймактагы аскер бөлүктөрүнүн өздүк курамы көчөлөрдөгү карды тазалоого жардам берүүдө.

Ошондой эле, Смоленск, Брянск, Владимир жана Тула областтарында да аба-ырайынын кескин сууктап жатканынан улам аскердик бөлүктөрдүн өздүк курамы да жогорку даярдыкка келтирилди. Мындан тышкары, борбор калаадагы аба майдандарында 200дөн ашык каттам убактылуу токтотулганы белгилүү болду.