Москвада киши колдуу болгон жарандын сөөгү мекенине жиберилди

1102

Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинен билдиришкендей, Москвадагы Жуковский аэропорту жактан табылган Муратбек Маматалиевдин сөөгүн туугандары алып кетишти. Азаттыктын берген маалыматына ылайык, кылмыштуу топко мүчө деген Искендербек Жолборсовдун сөөгү Орусиянын тергөө комитети уруксат бергенден кийин алып келинет.

Канга боёлуп, кыйнап өлтүрүлгөн эки адамдын сөөгү Москванын Жуковский аймагынан табылганы жөнүндө маалымат 8-январда интернетте тараган. Кийинчерээк экөө тең Кыргызстандын жарандары болуп чыккан.

Ички иштер министрлиги киши колдуу болуп өлгөндөрдүн бири, 38 жаштагы Искендербек Жолборсов «уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары 2015-жылдан бери каттоодо турган» деп маалымдады. Ал эми 37 жаштагы Муратбек Маматалиев бир ай мурда Мосвага акча таап келиш үчүн барганы, уюшкан кылмыштуу топторго тиешеси жок экени аныкталган. Окуя боюнча Москва облустук тергөө комитети «Киши өлтүрүү» беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду.