Москвада кыргызстандык мигрант каза тапты

616

23 жаштагы Тимур аттуу мигрант 23-январда ишке кеткен боюнча дайынсыз жоголгон. 4 күн бою аны издеген жакындары 28-январда сөөгүн өлүкканадан табышкан.

Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин маалыматы боюнча, маркумдун сөөгүн кичи мекенине жеткирүү иштери жүрүп жатат.

Алдын ала маалыматтар боюнча, Тимур троллейбуста бара жатканда жүрөгү кармап, каза болгон.

Мамлекеттик миграция кызматынын маалыматы боюнча, өткөн жылы Кыргызстанга чет мамлекеттерден эки жүздөн ашуун мигранттын сөөгү келген. Анын 90% Россиядан.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.