Москвада кыргызстандык таксист кардарынын капчыгын кайтарып берди

1669

Москванын жашоочусу Варя Борцова кыргызстандык таксист аны сегиз саат күтүп, капчыгын кайтарганы үчүн ыраазычылык билдирди.

Варя Борцова «Фейсбуктагы» баракчасына таңкы беште аэропорттон кайтып келгенин, аны үйүнө кыргызстандык таксист жеткиргенин жазды. Ал документ, акча жана кредиттик карталары салынган капчыгын таксиде унутуп калганын уктап тургандан кийин гана билген.

“Кредиттик карталарымды блоктоп, документтеримди калыбына келтирүү керектигин ойлонуп жатсам, кыргызстандык таксист өзү келди. Ал мени сураштырып сегиз саат көчөдө жүрүптүр”, — деп жазды Борцова. Бул кишинин чынчылдыгы мени таң калтырды.

Варя Борцова таксиcттин атын сурабай калганын билдирди. Ал кыргызстандыкка ыраазычылык иретте баштагысынан беш эсе көп акча төлөп берген. Кийинчерээк таксисттин аты-жөнү Кайрат Тентимишов экени белгилүү болду.

Борцова ММКларга берген интервьюсунда буга чейин Бишкекте болгонун, бул өлкөнү таануу үчүн дагы узак мөөнөткө келип кетүүнү каалай турганын айткан.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.