Москвада кыргызстандык жарандардан турган кылмыштуу топ кармалды

635

Бул кылмыштуу топ Россияда иштеген мекендештерибизди тоноп, ишкерлерден маал-маал менен акча өндүрүп келишкен. Кыргызстан менен Россиянын тартип сакчылары биргелешкен атайын операция жүргүзүп, банданын мүчөлөрүн колго түшүрдү. Анын курамында биздин өлкөнүн 8 жараны болгон. Алар өздөрүн Кыргызстандагы мыйзамдагы уурунун балдарыбыз деп, күч колдонуу менен жарандардын ири суммадагы акчасын тартып алып, аларга ай сайын салык салып турушкан.

Кылмыштуу топтун мүчөлөрү Кыргызстандан барган эмгек мигранттарын токойго алып барып сабап, бул жоругун башка мекендештирибизге көрсөтүп, акча берип турбаса алар дагы ушундай абалга кабылаарын айтышкан. Жабырлануучулардын көбү милицияга арыз жазуудан коркуп, алгач баш тартышкан. Бирок кийин кайра тартип сакчылары менен кызматташууга макул болушуптур.

Банданын мүчөлөрүн кармоо учурунда алардын жанынан ири суммадагы акча, курал-жарактар, Кыргызстандын 35 жаранына таандык паспорттор, аскердик билеттер жана 54 айдоочулук күбөлүк табылган. Учурда бул документтердин ээлери жана кылмыштуу топтон жабыркаган башка да жарандар изделүүдө.