Москвада мекендештерин тоноп жүргөн деп шектелгендер бошотулду

575

Москвада Кыргызстандан барган мекендештерин тоноп жүргөн деп шектелгендер  бошотулду. Ички иштер министрлигинен кабарлашкандай, алардын акча опузалап жүргөнү далилденип, кармоо учурунда документтер, белги коюлган акчалар алынганына карабай, шектүүлөр экинчи жолу эркиндикке чыгып кетти.

Кыргызстандын тартип сакчыларынын маалыматы боюнча, кармалгандар мыйзамдагы уурунун атынан такси кызматында иштеген мигранттардан ири суммадагы акча өндүрүп турушкан. Кылмышка шектүүлөр иштеген компанияны тинтүү учурунда белги коюлган 10 миң рубль, курал жарак жана Кыргызстандын жарандарына таандык 54 айдоочу күбөлүгү, 35 паспорт, 3 аскердик билет табылган.

Айыпталгандар буга чейин да кармалып, бирок бошотулган. Тергөөнү Россиянын Нагорный райондук ички иштер бөлүмү жүргүзүп жатат. Учурда атайын операция маалында алынган документтердин ээлери изделүүдө.

Ал арада, кылмышка шектелип кармалгандар, жабырлануучу тарап карыз акчасын бергиси келбей, аларга каршы арыз жазып жатканын айтат. Алардын маалыматы боюнча, Кыргызстандан барган мигранттар компаниядан ижарага машина алып иштешет. Анын акысын төлөбөй качып жүргөндөр ушундай кадамга барууда дешет. Ал эми тартип сакчыларына кайрылгандар кылмыштуу топтун мүчөлөрү акча опузалап келген деп ишендирип жатышат.