Москвада мигранттар үчүн патент баасы жогорулайт

957

Москвадагы эмгек мигранттары үчүн патент баасы жаңы жылдан тарта 500 рублга көбөйүп, айына 5 миң рублды түзүп калат. Тиешелүү өзгөртүүлөр салык мыйзамына Москва шаардык думасы тарабынан киргизилди.

“Бирдиктүү Орусия” партиясынын депутаты Инна Светенко мигранттардын кирешелери көбөйгөнүнө байланыштуу Москвада иштеген мигранттар үчүн патент баасын көтөрүү чечими кабыл алынганын билдирди. Анын айтымында, акыркы жылы Орусия борборунда эмгектенген чет өлкөлүк жарандардын кирешеси 20% өскөн.

Москва шаардык думасынын депутаты патент алууну каалагандардын саны кыскарбаганын, мунун эсебинен шаар казынасына 2 миллиард рубль түшкөнүн белгиледи.

Жакында Москва мэри Сергей Собянин “Россия 1” мамлекеттик телеканалына маек куруп жатып, мигранттардын арасындагы кылмыштуулуктун деңгээли эки эсеге азайганын, ал эми мигранттар, өзгөчө Борбор Азиядан келгенден мыйзамдуулукту сактай башташканын билдирген.

Собянин орус өкмөтү бир катар чараларды кабыл алгандан кийин ушул сыяктуу жакшы өзгөрүүлөр болуп жатат деп ырастаган. Ал патент системасын мисал келтирген. Азыр аны Орусияга кирүү үчүн виза талап кылынбаган чет өлкөлөрдүн: Азербайжан, Молдова, Тажикстан, Өзбекстан жана Украина жарандары сатып алат.

Москва облустук думасы дагы патент баасын көтөрүү тууралуу чечим кабыл алды. Подмосковьеде чет өлкөлүктөр үчүн анын баасы 450 рублга көбөйүп, 4750 рубль болот. Муну менен облус бюджетине кошумча 1 миллиард рублга чейин каражат түшөрү айтылууда.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.