Москвада полициянын өлүмүнө шектүү Нурлан Муратов 18 жылга кесилди

2797

Москвада полиция кызматкеринин өлүмү үчүн айыпталган кыргызстандык Нурлан Муратовду Москва шаардык соту күнөөлүү деп таап, 18 жылга абакка кести. Бул тууралуу анын адвокаты Алексей Толстых «Азаттык» радиосуна билдирди. Буга чейин Алексей Толстых тергөө маалында Муратовдун күнөөсүн ырастаган далилдер табылбаганын айтып, сот аны актап чыгарына үмүттөнөрүн билдирген.

2018-жылы 3-сентябрга караган түнү Москвадагы «Курская» метросунда 23 жаштагы полиция кызматкери Андрей Райскийдин сөөгү табылган. Ал башына тийген октон каза болгону аныкталган.

Россиянын Тергөө комитети «Полиция кызматкерине кол салуу» беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон. Кылмыш үчүн жалгыз Нурлан Муратов шек саналып, ал 2018-жылдын сентябрынан тартып Москвадагы №2 тергөө абагында камакта отурган.

Ош облусунун Кара-Кулжа районунда туулуп-өскөн Нурлан Муратов 2006-жылдан бери Россияда эмгектенип жүргөн. 2008-жылы Оренбургда орус жарандыгын алган. Акыркы жылдары жубайы жана бир туугандары менен Москвада жашап жүргөн. Жакындары ага коюлган дооматка ишенбей жатышат.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.