Москвада топ адамды сүзүп кеткен айдоочу эми эмне болот? (видео)

1031

Москвада жөө жүргүнчүлөрдү сүзүп кетти, деп айыпталып жаткан кыргызстандык айдоочуга материалдык жардам чогултуу акциясы башталып, ага Россиядагы жана Кыргызстандагы мекендештерибиз катышууда. Акциянын уюштуруучулары билдиргендей, чогулган каражат бул кырсыкта жаракат алып, ооруканага түшкөн адамдарга компенсация төлөө жана дары-дармек алууга жумшалат. Учурда 15 миң сомдон ашуун чогулганы белгилүү болду. Эске салсак, 16-июнда Москванын борбордук көчөлөрүнүн биринде такси айдоочусу машинасын башкара албай калып, жөө жүргүнчүлөрдү сүзүп кеткен. Буга байланыштуу Москва шаарынын полициясы кылмыш ишин козгоп, тергөө баштады. Кармалган кыргызстандык айдоочу 20 сааттан ашуун уйкусуз иштеп чарчагандыктан, машина айдап баратып уктап кеткенин айткан.