Москвадагы жол кырсыгы: 22 жаштагы кыргызстандык айдоочу камакка алынды

996

Москвада жол кырсыгында мурт кеткен миллиардердин баласынын өлүмүнө кыргызстандык айдоочу айыпталууда. Таган райондук соту 22-жаштагы шектүүнү 2 айга тергөө абагына камоо чечимин чыгарган. Москвада таксист болуп иштеп жүргөн кыргызстандык «адам өлүмүнө алып келген жол кырсыгын жасаган» деп айыпталууда.

Жол кырсыгы Россиянын баш калаасындагы Фрунзе көчөсүндө катталган. Кырсык болгон учур видеокамерага түшүп калган. Бир топ россиялык маалымат булактары, таксист светофордун жашыл жарыгы күйгөндө гана ордунан жылганын, ал эми ошол учурда мотоциклчен адам өтүп кетүү аракетин кылып, ылдамдыгын жогорулатканын жазышууда. Кагылышуудан эки транспорт күйүп кеткен.

Маркум Россиядагы этти кайра иштеткен тармагындагы миллиардер Владимир Маруговдун баласы болгон. Ал эми кыргызстандык таксист жол кырсыгынан көзүнөн жаракат алган.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.