Москвада жөө жүргүнчүлөрдү сүзүп кеткен айдоочу 2 айга чейин камакта болот

749

Москвада жөө жүргүнчүлөрдү сүзүп кетти деп кармалган кыргызстандык айдоочу 2 айга, 16-августка чейин камакта болот. Мындай чечим Москванын Таган райондук соту тарабынан кабыл алынды. Сотто Чыңгыз Анарбек уулу жол кырсыгына күнөөлүү экенин мойнуна алып, жабыркагандардын туугандарынан кечирим сурады. Анын айтымында, машина ижарага алынган жана карыздан кутулуу үчүн күнү-түнү иштеп жүргөн.

Эске салсак, кыргызстандык айдоочу 16-июнда Москванын Ильинка көчөсүндө баратып, үргүлөп кетип, тротуарга чыгып, жөө жүргүнчүлөрдү сүзүп, 8 киши жаракат алган. Бул жол кырсыгы боюнча Россиянын «транспорт каражаттарын пайдалануу эрежелерин бузуу» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Учурда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги жана Акыйкатчы институту тарабынан Чыңгыз Анарбек уулуна юридикалык жардам көрсөтүлүүдө. Мындан тышкары, тергөөнүн акырына чейинки баш коргоо чарасын өзгөртүүгө аракеттер көрүлүп жатат.

Кечээ күнү бул окуяга өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев дагы реакция жасап, авариядан жабыркагандарды Кыргызстанда эс алып кетүүгө чакырганы белгилүү болду. Премьер-министр бул окуя Россияда иштеп жүргөн кыргызстандыктарды куугунтуктоого жана кысым көрсөтүүгө себеп болбошу керек экенин айтты.