Москвада жүргүнчүлөрдү сүзгөн кыргызстандык жазасын эркиндикте өтөмөй болду

613

Москва шаарында 7 адамды койдуруп кеткен кыргызстандык Чыңгыз Анарбек уулуна карата соттун өкүмү чыкты. Ага ылайык, айыпталуучу жаза мөөнөтүн түрмөдөн өткөрбөйт. Чыңгыз Анарбек уулу 1,5 жыл мажбурлап иштетилип, 500 миң рубль төлөмөй болду. Ошондой эле, ал 3 жыл транспорт башкаруу укугунан ажыратылды.

Соттук териштирүүдө Чыңгыз күнөөнү толугу менен моюнуна алган. Быйыл 16-июнда Москвада такси кызматында иштеген мекендешибиз машина айдап баратып уктап кетип, жолдун четинде бараткан адамдарды сүзгөн. Анда жети адам жабыркап, экөө Мексиканын жарандары болгон.

Сурак учурунда Чыңгыз Анарбек уулу аварияга чейин 20 саат уктабай рулда болгонун, газ менен тормозду алмаштырып тээп алганын айткан.