Москвада жүздөгөн мусулман акцияга чыкты

1147

Москванын борборунда жүздөгөн мусулмандар акцияга чыгышты. Алар Мьянмадагы рохинжа мусулмандарынын куугунтукка кабылышына нааразылыгын билдирип, “Аллаху акбар” деп кыйкырышты. Мьянманын элчилиги алдында өткөн акцияга полиция кызматкерлери көз салып турушту.

Калкынын көбү буддисттер болгон Мьянмада азчылыкты түзгөн рохинжа мусулмандары жергиликтүү бийлик тарабынан куугунтукка туш болуп келет. Мындан улам 75 миңден ашык рохинжа журт которууга мажбур болгон. Акыркы жумадагы кагылыштан 400гө жакын адам каза болгону кабарланууда.

Орусиянын Тышкы иштер министрлигинен Москва Мьянмадагы окуягы тыкыр көз салып жатканын жана жаңжалдашкан тараптарды сүйлөшүүгө чакырарын билдиришти.