Москвадагы кыргыздын үлгүлүү иши (видео)

757

Москвадагы кыргызстандык таксисттин ак ниеттүүлүгүнө анын кардары гана ыраазы болбостон, аз убактын аралыгында ал өз мекенинин дагы атагын чыгарды. 5 күн мурда Москванын жашоочусу Варя Борцова кыргызстандык таксисттин унаасына отуруп, анда документтери менен кошо болгон акчасы салынган капчыгын унутуп калган. Айдоочу күндүн суугуна карабай, кардарынын капчыгын кайтаруу үчүн анын үйүнүн короосунда 8 саат бою күтүп турган.

Варя Борцова мекендешибиздин бул жасаганын жогору баалап, Фейсбук тармагы аркылуу ага ыраазычылыгын билдирген. Ал бул окуядан кийин Кыргызстанга дагы бир жолу келгиси келип жатканын дагы жазыптыр.