Москвадагы өрттөн жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок

707

Москвадагы курулуш базарында чыккан өрттөн жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилигинен билдиришти.

Эске салсак, Москвадагы «Синдика» деп аталган соода борборун жалын каптап, ал 100 миң чарчы метрге жайылган. Кырсык маалында 3 миңге жакын киши эвакуацияланып, бир нече адам иске ууланып, дарыгерлерге кайрылышкан.

Жалындаган өрттү токтотуу үчүн 350 куткаруучу жана 180 техника тартылган. Учурда келтилирген зыяндын көлөмү 5 миллиард рубль деп бааланууда.