Москвадагы учак оңдолуп, бүгүн эртең менен Бишкекке келип конду

845

Соңку үч күндө «Эйр Манас» авиакомпаниясынын учактарынын кечигүүсүнүн айынан эки өлкөдө жүздөгөн жүргүнчү суткалап аэропорттордо түнөөгө аргасыз болушту. 12-октябрда Москванын «Домодедово» аба майданынан Бишкекке келе турган 150 жүргүнчү 3 күн уча албай турду.

Мунун себебин «Эйр Манас» компаниясы «Боинг» учагынын бузулуп калганы менен түшүндүргөн. Кечээ Кыргызстандан ал үчүн керектүү тетик жөнөтүлүп, учак оңдолуп, бүгүн эртең менен саат 09:30 гана учак Бишкекке келип конду.

Андан кийин, ушундай эле окуя 13-октябрда Стамбул-Бишкек каттамында дагы болуп, айрым жүргүнчүлөр мейманкада түнөсө, кээ бирлери Сабиха-Гокче аба майданында түнөп калышкан. Түркиядан келе жаткан жүргүнчүлөрдүн нараазычылыгына «Эйр Манас» авиакомпаниясы жооп берип, самолетттор убагы менен каттамга чыгууга үлгүрбөй жатканын билдирген.