Москвадан ата-энесиз калган балдар мекенине алынып келинет (видео)

2773

Жакын арада Россиянын Москва шаарынан жакындары баш тарткан кыргызстандык 7 бала алынып келет. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти. Ошол эле убакта дагы 3 бөбөктүн күбөлүгү жоктугуна байланыштуу аларды өлкөсүнө кайтарууда кыйынчылыктар жаралып жатыптыр.

Былтыр пандемия кесепетинен чет жакта калган балдарды репатриация кылуу аракети ишке ашпай калган. Учурда болсо авиабилеттердин баасы асман чапчып жатканы да көйгөй жаратууда. Акыркы 10 жылда эле чет өлкөлөрдө кароосуз калган 117 чүрпө өлкөгө алынып келген.