Мотоцикл жарыштарына бөгөт коюлабы? (видео)

2514

Бишкек “Манас” аэропорту жолунда жөө жүргүнчүнү мотоцикл менен сүзүп, анын өлүмүнө себепчи болгон айдоочу Сокулук райондук милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Факты боюнча кылмыш иши козголуп, иликтенүүдө.

Ал арада аталган жолдун жээгинде жайгашкан эки конуштун тургундары министрлер кабинетинен, трассага жол чийиндерин жана жол белгилерин орнотуусун талап кылышууда. Алар бул тилкеде унаалар катуу ылдамдыкта жүргөндүктөн, тургундар жолдон өтө албай, аварияга кабылган учурлар арбын болууда дешет. Бир айга жетпеген убакта эле конуштун 2 тургунун унаа сүзүп кетип каза болгон.