Мотоциклди кубалаган 2 кайгуул кызматкери иштен алынды (видео)

929

Бишкекте мотоциклдин катышуусунда болгон жол кырсыгынан кийин эки патрулдук милиция кызматкери жумуштан алынды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма-сөз кызматынын жетекчиси билдирди. Бирок кызматтан четтетилген жол сакчылардын аты жөнү ачыкталган жок. Ал тургай, себеби да так айтылбай жатат. Мындан улам, ал инспекторлор чын эле мотоциклчинин артынан кууганы, аварияга себепкер болгону тастыкталдыбы деген суроолор жаралууда. Эскерте кетсек, жабыркаган тарап эки адамдын өмүрүн алган жол кырсыгында мотоциклди патрулдук милиция кууп келе жатканын айтып келет. Бирок буга чейин шаардык милиция муну четке каккан эле.