Мотоциклдин артынан кууган милиция кызматкерлерине кылмыш иши козголду

937

Мотоциклдин артынан негизсиз кууган, деп шектелген милиция кызматкерлерине кылмыш иши козголду. Алар эки адамдын өмүрүн алган жол кырсыгына күнөөлүү деп айыпталып жатышат. Бул тууралуу Башкы прокуратура кабарлады.

Эскерте кетсек, 19-августта Бишкектин Чүй жана Тоголок Молдо көчөлөрүнүн кечилишинде жеңил унаа менен мотоцикл сүзүшүп, жеңил унаадагы бир жүргүнчү жана мотоцикл айдап бараткан адам каза болгон. Ал эми мотоциклдин аркасында учкашып бара жаткан, бокс боюнча дүйнөнүн жети жолку чемпиону Орзубек Назаровдун кызы, оор абалда ооруканага жеткирилген эле.

Күбөлөр жол кырсыгында жабыркагандарды Кайгуул милициясы кууп келгенин, кырсыктан кийин алар жардам бербей, изин жашырып кеткенин билдиришкен. Ал эми шаардык милициянын өкүлдөрү патрулдун кызматкерлери мотоциклди кууган эмес, деп билдирген болчу. Бирок кийинчерээк бул ишке байланыштуу эки кайгуулчу кызматтан четтетилгени айтылган.

Бүгүн белгилүү болгондой, шаардык прокуратура козгогон кылмыш ишинде патрулдук милиционерлер, «кызматын өтөө маршрутунан чыгып кеткени, мотоциклди мыйзамсыз кубалаганы жана ошонун айынан жол кырсыгы болгону» айтылат. Бул ишти андан ары тергөө үчүн УКМКнын тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилди.