«Моюнча» деп сынга кабылган төрага кечирим сурады (видео)

979

Жогорку Кеңештин төртүнчү сессиясы эмнеси менен элдин эсинде калды? Өткөн 10 айда жалпысынан 124 мыйзам кабыл алынып, президент алардын 108ине кол койгон. Тогуз мыйзам мамлекет башчысынын каршы пикиринен улам, артка кайтарылган. Ошондой эле, айрым резонанстуу маселелер боюнча Жогорку Кеңеш катары менен бир нече отурум өткөрдү. Ал Бишкек ТЭЦине байланыштуу жаңжал. Ал эми жөлөк пул маселеси боюнча «парламент шашылыш чечим кабыл алган» деп коомчулуктун жемесине кабылды. Жогорку Кенештин төрагасы Дастан Жумабеков төртүнчү сессияда жасалган иштер жана кабыл алынган мыйзамдар тууралуу журналисттерге отчет берди. Парламент спикери ошондой эле өзү колдогон айрым сөздөрү үчүн кыргыз элинен кечирим сурады.