Муфтий эмнеге отставкага кетүүгө даяр? (видео)

1415

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын башчысы Максатбек ажы Токтомушев өзүнүн ишмердүүлүгү боюнча айтылган дооматтар далилденсе, кызматынан кетүүгө даяр. Бул жөнүндө ал НТС телеканалына берген интервьюсунда айтты. Буга чейин, айрым укук коргоочулар ажылык сапарды уюштуруу таза болбой, зыяратчылардан түшкөн акча уурдалып жатат деп муфтийди айыпташкан. Мындан тышкары, ажы башчылар тааныш-билиштер аркылуу сынаксыз өтүп, аларга берилген айлык маянанын жарымын диний башкармалыктар өз ара бөлүшүп алары да айтылган. Бирок муфтий Максатбек ажы Токтомушев бул маалыматтар чындыкка коошпойт турганын билдирди.