Муфтийди шайлоо кайрадан чыр менен коштолууда (видео)

3726

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын жетекчисине талапкерлерди аттетациядан өткөрүү нааразычылык акциясы менен коштолду. Пикетке чыккандар өлкө муфтийин Аалымдар кеңеши эмес эл тандасын деген талабын коюшуда. Ошондой эле алар мекеменин алдына боз үй тигип, кийинки ишемби күнү өтө турган шайлоого чейин отура турганын да билдирип жатышты.

Мындан тышкары, муфтиятта коррупциялык көрүнүштөр бар экенин айтып, тиешелүү жактардан ажылыкка сапарларды уюштуруу боюнча маалыматтарды талап кыла турганын айтышууда. Аалымдар кеңешинин мүчөлөрү болсо муфтийди тандоо өзүнүн жол-жобосу менен так өткөрүлүп жатканын билдиришти.