Муфтият: баңгизат менен кармалган адам имам эмес

937

Кыргызстан мусулмандарынын диний башкармалыгы «Өзгөндө баңгизат менен кармалган адам айылдык имам болчу» деген маалыматты төгүнгө чыгарды. Бул тууралуу “Азаттыкка” муфтияттын маалымат катчысы Максат Атабаев билдирди.

Анын айтымында, кармалган адам эч качан имам болуп иштеген эмес жана райондук казыят менен эч кандай байланышы жок.

“Биз Өзгөн райондук хатибиятынан жана башка бардык түзүмдөрдөн тактадык. Баңгизатты алып жүргөн деп кармалган адам эч качан имам болуп иштеген эмес”,- деди Атабаев.

Буга чейин Ош облустук милициясы Өзгөндүн Жылалды айылында имам баңгизат менен кармалганын жарыялаган. Анда милиция айылдын 37 жаштагы тургунунун жанынан 37.6 грамм марихуана табылганын кабарлаган.