Индонезияда шайлоо учурунда 374 адам ооруканага түшкөнү маалымдалды

15069

 

Индонезияда жүзгө жакын адам шайлоодо катуу иштеп, чарчагандан каза болду. 374ү ооруканага түшкөнү маалымдалды. Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Ариф Будиман кызматкерлер добуш берүү жана аларды саноодо иш убактысы бир күндөн ашык созулгандыктан алар алсырап, суй жыгылышканын билдирген.

Шайлоо учурунда 15 полиция да чарчагандыктан жана жол кырсыгынан каза болгон. Бир жума мурда Индонезияда добуш берүү өтүп, ал дүйнөдөгү ири шайлоолордун бири болуп калды. Жашоочулар өлкөнүн президентинен тышкары парламенттин мүчөлөрүнө дагы добуш беришти.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Ариф Будиман каза болгондордун жакындарына жана жабыр тарткандарга 16дан 36 миллионго чейин рупий кенемте төлөп берүүнү сунуштады.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.