Иракта кеме чөгүп 70тен ашуун адам набыт болду

15182

Ирактын бийлиги Мосул шаарындагы дарыяда кеме чөгүп, 70тен ашуун киши набыт болгонун билдирди. Каргашалуу окуя 21-мартта эл Ноорузду майрамдап жаткан маалда болду.

Ниневия провинциясынын жарандык коргонуу бөлүмүнүн башчысы полковник Хусам Халил өлгөндөрдүн көбү аялдар менен балдар экенин айтты. Ал Тигр дарыясында издеп куткаруу иштери жүрүп жатканын кошумчалады. Ички иштер министри генерал Саад Маан 55 киши куткарылганын билдирди.

Коопсуздук кызматынын атын атабаган өкүлү “кемеге 100дөн ашуун киши түшүп алгандыктан, ал сууга чөгүп кеткенин” айтты.

Ирактын премьер-министри Адел Абдел Махди бийликке иликтөө жүргүзүүнү тапшырды.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.