Муфтият тармактык маркетинг менен алектенүүгө тыюу салды (видео)

872

Муфтият тармактык маркетинг менен алектенүүгө жана пластикалык операция жасоого тыюу салды. Дагы бир фатва эмдөөгө байланыштуу. Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан билдиришкендей, тармактык маркетинг — алдоо жолу менен акча табуунун амалы болгондуктан, бул шарияттын эрежелерине каршы келет.

Мындан улам, мусулмандарды буга азгырылбоого чакырып, фатва менен тыюу салынды. Ошондой эле, пластикалык операцияны ден соолугуна керек болгондорго жасатууга уруксат берилет.