Муфтият жалпы өлкө боюнча чогултулган битир-садаканын көлөмүн тактоодо

746

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы Бишкек шаары боюнча битир-садакадан түшкөн акча каражаттын бир бөлүгүн жардамга муктаж адамдарга бөлүп берди. Быйыл муфтиятка 600дөн ашуун жаран жардам сурап кайрылган. Алардын арасында ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген, оорукчан жана жесир аялдар бар. Алардын ар бирине 3 миң сомдон берилди.

Диний мекеменин өкүлдөрүнүн айтымында, азырынча жалпы өлкө боюнча чогултулган битир-садаканын көлөмү тактала элек. Талапка ылайык, ар бир областта түзүлгөн комиссия түшкөн каражаттарды санап чыгуусу зарыл.

Быйыл битир-садаканын эң төмөнкү баасы 35 сом болду. Былтыр 34 миллион сом чогулуп, ал ар кандай кайрымдуулук уюмдарга, жетим жана карылар үйлөрүнө, жардам сурап кайрылган жарандарга таратылган. Ошондой эле, битир-садаканын бир бөлүгү муфтиятка жана диний окуу жайларга берилет.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.