Муфтияттагы акча кайсы партиянын эсебине которулган? (видео)

1202

Былтыркы парламенттик шайлоодо Муфтияттын эсебинен 155 миллион сом алды делген партиянын өкүлдөрүнө карата кылмыш иши козголушу керек. Мындай пикирин Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Кайрат Осмоналиев айтып чыкты.

Эске салсак, кечээ президент Садыр Жапаров Коомдук телерадиоберүү корпорациясына маек куруп жатып, ажылык сапар үчүн чогултулган каражаттын бир бөлүгү саясий өнөктүккө катыша турган партияга коротулганын ачыкка чыгарган. Андыктан БШК мүчөлөрү бул боюнча Башкы прокуратура реакция жасап, жок эле дегенде 2 берене менен соттук өндүрүш ишин башташы керек дешет. Ири суммадагы акча кайсы саясий партиянын эсебине которулган?