Муфтияттагы жемкорлук: Башкы эсепчи кармалды (видео)

1471

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын жетекчиси Максатбек Токтомушев да өз каалоосу менен отставкага кетип, муфтийдин орду бош калды. Иштен кетүүсүнүн себеби ачыкталган жок.

Бирок бүгүн эле «зыяратчылар берген акчаны жеке каржы уюмдарына үстөк пайызга насыяга берип, өз чөнтөгүнө пайда көргөн» деген кине менен аталган башкармалыктан бухгалтери кармалды. Маалыматтарга караганда, ал УКМК кызматкерине 100 миң доллар пара сунуштаган. Барынан кызыгы, башкы эсепчи буга чейин пара алгандыгы үчүн соттолуп, бирок ага карабастан муфтиятта иштеп келиптир.