Муфтиятты эми ким жетектейт? (видео)

1580

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын башчылыгына бир дагы талапкер каттала элек. Арыздарды кабыл алуу 17-мартка чейин уланат. Муфтий болууну эңсегендер тапшырган документти алгач Аалымдар кеңеши карап чыгат. Бул кызматка бара тургандар үчүн бир нече талаптар коюлган.

Алардын бири — жогорку жана диний билимдүү болуу. Ошондой эле мурда соттолбогон жана 7 жылдан кем эмес дин жаатында башкаруучу кызматта иштеши шарт. Азырынча болочоктогу болжолдуу муфтийдин дагы аты атала элек. Бирок бул кызматка талапкер тандоо оңой болчудай эмес. 200дөн ашык адам маяна алып иштеген муфтиятка кандай милдеттер жүктөлгөн?