Мугалим, студенттерди шайлоо ишине тарткандар жазаланат (видео)

1314

Парламенттик шайлоого катышуудан дагы 6 талапкер баш тартты. Алардын баары бир мандаттуу округдардан катталгандар. Башта алардын саны 321 болсо, улам кемип отуруп, учурда 306 кандидат калды. Мындан тышкары, БорШайком үч партиянын тизмесинен үч талапкерди чыгарды. Ал эми Жогорку Кеңештин төрагасы боюнча маселе дагы ачык бойдон калууда.
Ал арада саясий өнөктүккө көз салган адистер, үгүт иштери башталганына 5 күн болуп калса да, кампания өтө чабал кетип жатканын айтышууда. Талапкер өзүн, программасын түшүнүктүү кылып шайлоочуларга жеткирүү аракеттери байкалбайт. Бул өз кезегинде коомчулуктун кайдыгер мамиле кылуусуна жана добуш берүүгө жигердүү катышуусуна бут тосушу мүмкүн, — дешет саясий технологдор.