Мугалимден коркуп сабакка баруудан зарканган окуучу (видео)

1291

Ноокат районунун Нарай орто мектебинде окуган бала мугалим сабак учурунда анын чачын кыркып, ага кол көтөргөнүн айтууда. 11 жашар Марлендин апасы бул боюнча милицияга арыз менен кайрылган. Окуучунун чачын кырккан Замира Шералиева өзү интерью берүүдөн баш тартты.

Педагогдун кесиптештери буга чейин анын окуучуларга орой мамиле жасабаганын айтышууда. Мектеп директору соңку арыздануулардан кийин Замира Шералиева окуу иштери боюнча директордун орун басары кызматынан алынганы айтканы менен, мугалим болуп иштеп жүрөт.