Мугалимдер 13-айлыктын төлөнбөй жатканына нааразы (видео)

1904

Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университеттин мугалимдери кайрадан митингге чыгышты. Бул жолу 50дөй агартуучу чогулган. Алар жыл сайын берилип келген 13-айлыктын толук төлөнбөй жатканына нааразы.

Аталган окуу жайдын жетекчиси имараттын сыртына топтолгон мугалимдерди ичкери чакырып, жай сүйлөшүүнү сунуштады. Бирок чогулуш педагогдор менен ректордун айтышуусу менен коштолду.