Мугалимдер менен ата-энелердин тиреши (видео)

1949

Мугалимдер менен ата-энелердин ортосундагы келишпестиктен улам окуу процесси үзгүлтүккө учурап кала жаздады. Бишкек шаарындагы №6 гимназия-мектебинин 12 мугалими иш таштаганга чейин барышты. Буга ата-энелер тарабынан жасалган ашыкча көзөмөлдөө жана кошумча сабак маселеси себеп болгон.

Кошумча сааттарды киргизүүнү ата-энелер суранышса, мектеп жетекчилиги буга тыюу салган. Эки тараптын чырына калаанын Билим берүү башкармалыгы кийлигишпесе, окуу жылдын ортосунда башталгыч класстын 800гө жакын окуучусу мугалимсиз калышмак.