Мухаммедкалый Абылгазиев Максат айылынын жашоочулары менен жолугушту

647

Кыргыз-тажик чек арасы боюнча сүйлөшүүлөрдү күчөтөбүз. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Баткен областынын Лейлек районундагы Максат айылынын жашоочулары менен жолугушуп жатып билдирди. Ал алгач чек ара, андан кийин башка маселелер чечиле турганын айтып, сүйлөшүү процесстери күчөтүлөрүн белгиледи.

Премьер-министрдин айтымында, азыр чек ара маселеси боюнча адистердин бардыгы ишке тартылып жатат. Тез аранын ичинде өзгөчө шахмат сымал жашаган жерлерди кандай чечебиз деген маселени коёбуз, деди өкмөт жетекчиси.

Ошондой эле, жергиликтүү тургундар да бир топ нааразычылыктарын айтып жатышты. Баткендин Максат айылынын тургундары менен Жогорку Кеңештин 5 депутаты да жолугушууларды өткөрүп жатат. Алар эртең менен аймакка жөнөп кетишкен. Парламентарийлер эгер мүмкүнчүлүк болсо Тажикстан тарап менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзө турганын белгилешти.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.