Мүлктү башкаруу фондунун экс-төрагасы Болсунбек Казаков камакка алынды

790

Учурунда Бакиевдерге таандык болгон ВИП шаарчадагы 48 коттедждин арзан сатылышы боюнча мүлктү башкаруу фондусунун мурдагы төрагасы Болсунбек Казаков камакка алынды.

Ички иштер министрлигинен кабарлашкандай, Казаков кызмат абалын аша чаап пайдаланган, менчиктештирүүнү ишке ашырууда кызматын мыйзамсыз колдонгон деген беренелер боюнча айыпталууда. Тергөө учурунда 48 коттедждин наркы негизсиз төмөндөтүлгөнү аныкталган.

Эскерте кетсек, былтыр күзүндө Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондусу тарабынан Бишкектин четиндеги VIP шаарчадагы 48 коттедж 142 миллион сомго сатылган. Анын баштапкы баасы 242 миллион сом деп белгиленген. Бирок сатыкка тогуз жолу коюлуп, кардар чыккан жок деген жүйөө менен объектинин наркы төмөндөтүлүп турган.

Учурунда Болсунбек Казаков баары мыйзам чегинде болгонун айтып, баалар жасалма түшүрүлгөн деген маалыматты четке каккан эле. Азыр мурдагы аткаминер убактылуу кармоочу жайда. Иш Ички иштер министрлигинин тергөө кызматынын кароосунда.