Мүлктү башкаруу фондунун кызматкерлерине карата кылмыш иши козголду

805

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун бир катар кызматкерлерине карата да кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан кабарлашты. Бишкек шаарынын прокуратурасы экономикалык кылмыштар менен күрөшүү кызматы менен биргеликте ачык акционердик коомунун арызынын негизинде Мамлекеттик мүлк фондунда текшерүү жүргүзүшкөн.

Анын жыйынтыгында, 2015-жылы фонддун бир катар кызматкерлери пайда табуу максатында «Кыргыз-Тамак-Аш» Мамлекеттик концернине таандык « №3-Автотранспорттук ишканасын» ачык акционердик коомго айландырышканы белгилүү болгон. Алар жаңы ачылган акционердик коомдун мүлкүн 2 миллион 700 миң сомго баалашып, андан соң Мамлекеттик мүлк фондунун карамагына өткөрүшкөн.

Мүлктү баалоону мыйзамсыз жүргүзүү фактысы боюнча Бишкек шаардык прокуратурасы «кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренесинин негизинде кылмыш ишин козгоду. Тергөө иштери жүрүүдө.