Мүлктү башкаруу фондунун төрагасынын мурдагы орун басары камакка алынды

827

Резиденциянын жанындагы 48 коттедждин арзан баада сатылышы боюнча Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасынын мурдагы орун басары Бакыт Мураталиев дагы камакка алынды. Ички иштер министрлигинен кабарлашкандай, ал кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланган, менчиктештирүүдө салыктык, бажылык жана лицензиялык ишмердүүлүктү жүргүзүүдө кызматын мыйзамсыз колдонгон деп айыпталууда.

Учурда Бакыт Мураталиев Бишкек шаардык Ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайында. Ал эми эки күн мурда кармалган мамлекеттик мүлктү башкаруу фондусунун мурдагы төрагасы Болсунбек Казаков соттун чечими менен эки айга тергөө абагына киргизилди.

Эскерте кетсек, былтыр күзүндө учурунда Бакиевдерге таандык болгон 12 гектардагы 48 коттедж 142 миллион сомго сатылып кеткен. Ал эми объектинин чыныгы баасы 10 миллион доллардан ашаары айтылууда.